Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

ӨКМ: өрт кырсыктары үчүн тик учактар алынат


Пафилов көчөсүндөгү өрт
Пафилов көчөсүндөгү өрт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигине тик учак жана башка керектүү жабдууларды алуу аракети көрүлүп жатканын мекеменин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, быйыл министр Кубатбек Боронов менен аталган агенттиктин жетекчиси Кытайга барып техникаларды көрүп келишти. Аны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде катуу өрт кырсыктары учурунда колдонулчу тик учак жок.

Былтыр 13-августта Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүдө көйгөй жаралган. Өрт бийик тоодо болгондуктан, ага адам жетпей, 120 гектардан ашык кургак чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Натыйжада Казакстандан МИ-26 тик учагы жардамга чакырылып, бир чети жаан жаап, тогуз күндөн кийин гана өчүрүлгөн болчу.

Кечээ түнү Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү турак жайдын 13-кабатында чыккан өрттү өчүрүүдө суу басымы жетпей, кыйынчылыктар менен коштолду. Жабыркагандар тилсиз жоону эрте өчүрүп калууга шарттын жоктугуна нааразылык билдиришүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG