Улуу Британиядагы кечээги референдумдун жыйынтыгы Евробиримдиктен чыгууну ага катышкандардын 52%, биримдикте калууну 48% гана жактаганын көргөздү.
Ортодогу ажырым 1 миллион 270 миңдей добушту түздү.
Референдумдун мындай жыйынтыгынан кийин премьер-министр Девид Кэмерон үч айдан кийин кызматтан чегинерин жарыялады. Евробиримдикте калуу үчүн өнөктүк жүргүзгөн Кэмерондун айтымында, эми андан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башка премьер-министр өткөрүшү керек.
“Британ калкы Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берди, элдин эрки урматталышы керек”,- деп белгиледи Кэмерон.
Улуу Британиянын курамындагы Шотландия менен Түндүк Ирландияда референдумга катышкандардын басымдуу бөлүгү биримдикте калуу үчүн добуш беришти.
Ушундан уламбы Шотландиянын мурдагы биринчи министри Алекс Салмонд аларда эми көз карандысыздык боюнча кайрадан референдум өтүшү мүмкүндүгүн билдирди.
Европа кеңешинин президенти Дональд Тусктун айтымында, алар эми калган 27 мүчөнүн биримдигин сактоону көздөйт. Келерки аптадагы саммит Британиясыз өткөрүлүп, анда биримдиктин келечеги талкууланмакчы.
Германиянын билдиргенине караганда, кезинде Евробиримдикти негиздеген алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери британ референдумунун жыйынтыгын эртең талкуулмакчы.
Алар Германия, Франция, Нидерланд, Италия, Бельгия жана Люксембург.
Ак үйдүн билдиргенине караганда, президент Барак Обама премьер-министр Дэвид Кэмерон менен бүгүн телефондон сүйлөшмөкчү.
Обама Европадагы акыркы сапары учурунда британиялыктарды биримдикте калууга чакырган.
Референдумдун жыйынтыгы билинген соң британ фунтунун курсу акыркы 31 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Лондон биржасынын индекстери бүгүн эртең менен соодада 8% төмөндөдү. (UE)