Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Депутат Султановго нааразы жаран өзүн өрттөөгө аракеттенди


Акүй алдына чогулгандар.
Акүй алдына чогулгандар.

Бишкектеги Акүй алдында 24-июнда Бакыт Мендешов аттуу жаран өзүнө өрт коюуга аракет жасады. Ал мындай кадамын парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразылыгы менен түшүндүрдү. Милиция кызматкерлери анын өзүн өрттөөсүнө жол беришкен жок. Окуяда аны менен кошо Акүй алдына чыгып, нааразылык жазылган плакаттарды көтөрүп турган туугандары менен милиция кызматкерлери да чырдаша кетишти.

Бакыт Мендешов аялы депутат Султановдун жакынына таандык фирмада эмгектенгенин, каржылык мыйзам бузуулар боюнча ак жерден камакка алынганын билдирди. Нааразы тарап бул иштин калыс тергелишине депутат кийлигишип жатканын айтышууда.

Өзүн өрттөөгө аракеттенген Мендешовду милиция кармап кетти. Ал эми депутат бул боюнча комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG