Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 24-июнда Ташкенде ШКУ саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушкан учурда билдирди. Мамлекет башчы стратегиялык маанилүү маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Бээжинге ыраазылык билдирди. Террорчулукка каршы биргелешкен күрөш уланарын айткан Атамбаев Тайван маселеси боюнча Кытайдын позициясын кубаттады. Өз кезегинде Кытай төрагасы Си Цзинпин Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Президент бүгүн өзбек лидери Ислам Каримов менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Атамбаевдин Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугушуусу да белгиленген. (NT/BkA)