Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Столтенберг: Британиянын НАТОдогу ролу өзгөрбөйт


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг бул тууралуу бүгүн Улуу Британиядагы жалпы элдик референдумда Евробиримдиктен чыгууну жактагандар жеңгени белгилүү болгон соң айтты.

Столтенберг белгилегендей, Британия референдумдун жыйынтыгын эске алуу менен ЕБдан чыккан күндө деле анын Түндүк атлантикалык альянстагы туруму “өзгөрүүсүз” калат.

Столтенберг ошондой эле НАТО Евробиримдик ичиндеги тыгыз кызматташтыкты жактарын, “кубаттуу жана бирдиктүү НАТО тынч эмес дүйнөдө туруктуулуктун таянычы бойдон каларын” кошумчалады.

22-июнда, Британиядагы референдумдан бир күн алдыда НАТО башкатчысы “чачыранды Европа туруксуздукка жана белгисиздикке” салым кошорун эскерткен. (UE)

XS
SM
MD
LG