Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

"Эркин-Тоо" гезити 25 жылдыгын белгиледи


Мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитинин 25 жылдыгына арналган салтанат бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Ага бийлик, парламент өкүлдөрү, журналисттер, гезит окурмандары катышып, басылманын жамаатын 25 жылдык мааракеси менен куттукташты. Соңунда филармония өнөрпоздору концерт тартуулашты.

"Эркин Тоо" гезити Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы, алгачкы парламент шайлангандан кийин негизделген. Гезит жумасына бир жолу чыгып, расмий маалыматтарды, мыйзамдарды жарыялап турат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG