Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Меркел: британ референдумунун жыйынтыгы Европа үчүн сокку


Ангела Меркел, 24-июнь, 2016-жыл.
Ангела Меркел, 24-июнь, 2016-жыл.

Германия канцлери Ангела Меркел бул тууралуу бүгүн Берлиндеги басма сөз жыйында Британиядагы кечээги референдумдун жыйынтыгын комментарийлеп жатып айтты:

- Бул күн Европага, европалык интеграция жараянына сокку. Бул соккунун кесепеттери алдыдагы күндөрдө, апталарда, айларда так билинет жана калган 27 мүчө өлкө канчалык чечкиндүүбүз, Европаны мындан ары бөлүү үчүн гана кызмат кылган тез, жөнөкөй чечимдерди кабыл алуудан сактанууга канчалык даярбыз ошого көз каранды болот.

Британиядагы кечээги референдумдун жыйынтыгы Евробиримдиктен чыгууну ага катышкандардын 52%, биримдикте калууну 48% гана жактаганын көргөздү.

Ортодогу ажырым 1 миллион 270 миңдей добушту түздү.

Евробиримдикте калуу үчүн өнөктү жүргүзүп келген премьер –министр Девид Кэмерон референдумдун мындай жыйынтыгынан кийин үч айдан кийин кызматтан чегинерин жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG