Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

Сандерс Клинтон үчүн добуш берет


Берни Сандерс.
Берни Сандерс.

Демократиялык партиядан АКШ президенттигине үмүткөр Берни Сандерс алдыдагы шайлоодо ички партиялык жарышта атаандашы болгон Хиллари Клинтонго добуш берерин бүгүн MSNBC телеканалындагы интервьюсунда жарыялады.

Ага катар Республикалык партиянын президенттикке талапкери болот деп күтүлгөн Дональд Трампты жеңүүгө жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын жасарын кошумчалады.

Баштапкы шайлоо же праймериздердин натыйжасында мурдагы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын курултайында талапкерлик укукту алуу үчүн зарыл болгон делегаттарды топтоого жетишти.

Бирок өзүнүн өнөктүгүн расмий токтото элек сенатор Сандерс ал Демократиялык партиянын курултайында сунуштары партиянын платформасы катары кабыл алынышы үчүн аракеттенет.

Сандерс Трампты жеңүү үчүн Клинтон менен иштешерин айтканы менен ага колдоосун расмий билдире элек. (UE)

XS
SM
MD
LG