Бул тууралуу 24-июнда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен көрүүчүлөрдүн көптөгөн телеканалдарды жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео картиналарды көрүүсүнө шарт түзүлөт. Ал эми өлкөдө аналогдук берүүлөрдү толугу менен өчүрүү 2017-жылга мерчемделүүдө.
Гүлмира Кудайбердиева санариптик телерадиоберүүгө өтүүдө теле антенналарга атайын ресиверлерди орнотуу зарылдыгы боюнча элге түшүндүрүү ишитерин жүргүзүүнү тапшырды. “Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылышы керек”, - деди вице-премьер-министр.
Санариптик берүүгө өтүү боюнча эл аралык келишимге ылайык, Кыргызстанда 2011-жылдан тартып санариптик телерадиоберүүгө өтүү аракети жүрүп келе жатат. (ZKo)