Аталган агенттик Олимпиада оюндарына бир жарым ай калганда Рио-де-Жанейродо иштеп жаткан лабораториясынын ишин “эл аралык талапка жооп бербейт” деген негиз менен токтотту. Бул тууралуу агенттиктин жума күнү жарыяланган билдирүүсүндө айтылган.
Бразилиядагы лабораториянын кызматкерлери жабылуу убактылуу болоруна үмүт артышууда.
Маалыматтарга ылайык, Рио-де-Жанейродогу лаборатория бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен 21 күндүн ичинде Эл аралык спорт сотуна кайрыла алат. Бирок ага чейин аталган лаборатория кан менен заараны изилдей албайт, анын ишин допингге каршы эл аралык уюмдун уруксатын алган башка лабораториялар аткарышат. Антидопинг агенттигинин башкы директору Оливье Нигглинин билдиргени боюнча, бул допингге каршы текшерүүлөрдү токтотпоо максатында болмокчу. Ал ошондой эле Рио-де-Жанейродогу лаборатория менен мүчүлүштүктөрдү жоюу багытында кызматташуу улана берерин белгилеген, бирок ал кандай мүчүлүштүктөр экени ачык айтылган эмес.