Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Италияда эки миңден ашуун мигрант куткарылды


Италияга келген качкындар
Италияга келген качкындар

Аба ырайынын жакшыруусунан пайдаланган аткезчилер Жер ортолук деңизи аркылуу адамдарды ташууну күчөткөнү кабарланууда.

Акыркы суткаларда эле Италиянын деңиз жээгиндеги коргоо кызматы кишилер жыкжыйма салынган кайыктарды куткарышты. Бейшембиден бери 7100 киши деңизден жээкке чыгарылган. Алардын көпчүлүгү Ливиядан келе жаткан мигранттар.

24-июнда күнү бою “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюмунун, Италиянын коргоо кызматынын жана дагы бир катар эл аралык уюмдардын жардамы менен кишилер жыкжыйма салынган тогуз кайык жээкке чыгарылган.

Италиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Жер ортолук деңиз аркылуу 60 миңден ашуун мигрант өлкөгө кирген.

XS
SM
MD
LG