Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Казакстандагы автокырсыкта каза болгондордун жакындарына акчалай жардам берилди


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстандагы автокырсыкта каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берди. Ага ылайык, президенттин фондунан автокырсыктан жабыркагандардын ар бирине 100 миң сомдон каражат бөлүндү.

23-июнда Алматы облусунун Жамбыл районунда болгон жол кырсыгынан беш киши каза тапкан. Каза болгондордун үчөө бир туугандар: тогуз, он төрт, он беш жаштагы балдар болгон. Алардын атасы, автокырсыкка кабылган унаанын айдоочусу оор абалда ооруканада жатат.

Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган Mercedes Vito микроавтобусу жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу менен кагылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG