Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Жол кырсыгында набыт болгондордун сөөктөрү жеткирилди


Казакстандагы жол кырсыгында набыт болгон беш кишинин сөөгү 25-июнда Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Сөөктөрдү жеткирүүгө Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу көмөктөштү.

23-июнда Алматы облусунун Жамбыл районунда кыргызстандык Mercedes Vito микроавтобусу жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу менен кагылышкан. Натыйжада беш киши каза тапкан. Каза болгондордун үчөө бир туугандар: 9, 14, 15 жаштагы балдар болгон. Алардын атасы, автокырсыкка кабылган унаанын айдоочусу ооруканада жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG