Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Референдум тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралат


Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 30-июндагы отурумда карайт. Ага чейин 28-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, референдум мыйзам аркылуу дайындалат, ошондой эле ага биометрикалык каттоодон өткөндөр катышууга укуктуу. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, референдум өткөрүүнү өкмөт, депутаттар жана 10 миң шайлоочу сунуштай алат. Азыркы мыйзам боюнча референдумду президент дайындайт.

Кыргызстанда акыркы референдум 2010-жылы 26-июнда өткөрүлгөн. Анда эл Баш мыйзамдын редакциялануусуна жана Роза Отунбаеванын мамлекет башчылыгына келүүсүнө макулдугун берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG