Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Карелия: балдардын өлүмү боюнча тийиштүү жетекчилерге айып тагылды


Бул окуя боюнча камакка алынган "Сямозеро" лагеринин жетекчиси Елена Решетова жана анын орун басары Вадим Виноградов коопсуздукка туура келбеген кызмат көрсөткөнү үчүн айыпталууда. Ал эми үй камагында жүргөн “Роспотребнадзор” ишканасынын Карелиядагы жетекчиси Анатолий Коваленко шалаакылыгы үчүн айыпталды. Тергөө учурунда "Сямозеро" лагеринин жетекчиси Елена Решетова “Парк-Отель” акционердик коомунун жалгыз мүчөсү экени аныкталып, ал өзүн өзү директор кылып дайындаганы ачыкталган. Решетова балдардын сууга түшүүсү үчүн жоопкер кылып, мындай укугу жок орун басарын дайындап койгон.

18-июнда балдар кайык менен сууда сүзүп жүргөн мезгилде катуу толкун болуп, кайык оодарылып кеткен. 13 бала каза таап, бирөө дайынсыз жоголгон.

24-июнда соттун чечими менен лагердин иши токтотулду. Ошондой эле чөгүп баратып, телефон чалган баланын сөзүн укпай койгон деген шек менен жергиликтүү Тез жардамды” фельдшери кармалды.

XS
SM
MD
LG