Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Берлинде Британиянын ЕБдан чыгышы талкууланууда


Берлинде алты өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Британиянын ЕБ чыкканын талкуулоодо.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро Британияны Евробиримдиктен чыгуусун тездетүүгө чакырды. Ал муну уюмда калган 27 өлкө жаңы тапшырмаларды аныктоосу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Эйро бүгүн Берлинде ачылган жыйында сүйлөп, антпесе, популизм тароо тобокелдиги көбөйөт деп айтты. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер евроблоктогу калган алты мамлекет эркиндик жана туруктуулук долбоорун сактап калууга жана биримдиктеги көйгөйлүү: миграция, коопсуздук, жумушсуздук маселелерин чечүүнү улантууга тийиштигин белгиледи.

Евробиримдиктин мүчөлөрү Британиянын союздан чыгуу шарттарын иштеп чыгып, Лондон менен кийинки мамилелердин форматын аныктоосу керек. Бул жараян 28-июнда Британ премьери Дэвид Кэмерон менен бейформал жолугушууда уланмакчы.

XS
SM
MD
LG