Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү


Кыргы-казак чек арасындагы өткөрмө бекет
Кыргы-казак чек арасындагы өткөрмө бекет

Казакстандын бир катар жеринде күйдүргү оорусу катталгандыктан Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы чек арадагы көзөмөлдү күчөттү. Ага ылайык, Казакстандан алып кирилүүчү эт-сүт азыктары тыкыр текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, кыргыз тарап Казакстанга жана ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кат жолдоп, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына күйдүргү менен ылаңдаган жаныбарлардын эт-сүт азыктары тарап кетүүсүн алдын алууга чакырды.

Акыркы жумада Казакстандын эки облусунда күйдүргү оорусу катталган. 22-июнда Караганды облусунда күйдүргүдөн эки киши каза таап, алты киши ооруканага жаткырылган. Ошондой эле Чыгыш Казакстан облусунда да эки кишинин күйдүргү оорусуна чалдыкканы аныкталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG