Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Могадишодо жихадчылардын кол салуусунан 15 киши набыт болду


Могадишо
Могадишо

Дагы жыйырмадан ашуун киши жаракат алган. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти Сомалидеги "Аш-Шабаб" экстремисттик тобу өзүнө алды. Жанкечти отурган автоунаа ишемби күнү Сомалинин борбор калаасы Могадишодогу Naso-Hablod мейманканасына келип жарылган. Жарылуудан соң имаратка куралчан адамдар кирип келип, кишилерди барымтага алышкан. Күбөлөрдүн айтуусунда, мейманкананын кире беришинде эле жихадчылар элди аткылай башташкан. Өлгөндөрдүн арасында мейманкананын кызматкерлери бар. Reuters агенттигине полициядан маалымдашкандай, полиция келген учурдагы кагылышта барымтадагы кишилер кошумча дарбаза аркылуу качып чыгууга үлгүрүшкөн.

Assoociated Press агенттигинин жазышынча, полициячылар эки жихадчыны атып өлтүрүшкөн.

Сомалинин өкмөттүк күчтөрү менен каршылашып келе жаткан "Аш-Шабаб" экстремисттик тобу Орозо айында кол салууларын күчөткөнү айтылууда. 2-июнда жихадчылар Могадишонун борборундагы Ambassador мейманканасына кол салып, кеминде 20 киши набыт болгон. Алардын арасында жергиликтүү эки депутат бар. Дагы 60тан ашуун адам жаракат алган.

Сомали “мамлекет болуп калыптана элек” өлкөлөрдүн катарында. 1991-жылы Сиад Барренин режими кулатылгандан кийин Сомали чачыранды болуп калган. Дүйнөлүк коомчулук тааныган өкмөт өлкөнүн борбор калаасында жайгашып, шаардын бир нече аймагында гана бийлик жүргүзөт. Калган бөлүктөрү ар кандай топтордун, алардын ичинде экстремисттик радикал ислам топторунун көзөмөлүндө турушат.

XS
SM
MD
LG