Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Стамбулдун бийлиги гей-парадга уруксат берген жок


26-июнга болжолдонгон гей-парадды өткөрүүгө бийлик “коопсуздук жана коомдук тартипти сактоо” максатында тыюу салынганын маалымдады. Мурдараак Түркиядагы улутчул топтордун бири эгер бийлик тыйбаса, акция күч колдонуу менен үзгүлтүккө учуратыларын айтып чыккан.

Түркияда “ИМ” тобунун жана күрт козголоңчуларынын бир катар кол салууларынан соң коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Өткөн жылкы гей-парадды полиция желим окторду жана суу бүркүгүчтөрдү колдонуп таркаткан болчу. Алар буга акциянын катышуучулары президентти фашизмге айыптап, кыйкыра баштаганда барышкан.

Мындан тышкары өткөн жылкы гей-парад мусулмандардын ыйык Орозо айына туш келгени да көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан.

Ага чейин Стамбулда 11 жолу жыл сайын гей-парад өтүп келген.

XS
SM
MD
LG