Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

“Ата Мекен”: Кумтөрдү улутташтыруу керек


Кумтөр
Кумтөр

«Ата Мекен» фракциясы Кумтөрдү улутташтыруу маселесин кайрадан көтөрүп, бул боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кумтөр алтын кенин мамлекетке алып, башка инвесторлорго берүү жолдорун караштыруу зарыл:

- Азырынча сентябрга чейин коомдук талкууга койдук. Коомчулуктун, элдин үнүн угабыз. Эгер эл колдоп берсе, сентябрдан тарта расмий түрдө мыйзамды өзгөртүүгө киришебиз. Ал эми Канаданын "Центерра голд инк" компаниясы талап кылып жаткан үч миллиард доллар боюнча айтсам, биздин да экологиялык маселелер боюнча дооматтарыбыз бар. Андыктан компенсациянын көлөмү жарым миллиард долларга чейин азаят. Ошондуктан, коркпой эле компенсациясын төлөп туруп, улутташтырып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу маселесин “Ата Мекен” фракциясы мурдагы чакырылышта да көтөргөн. Бирок колдоо таба алган эмес.

14-июнда президент Атамбаев "Кумтөр" долбоору боюнча 2003-2004-жылдары жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулугу кайрадан каралып чыгышы керектигин тапшырган. Ага ылайык, Башкы прокуратура "Кумтөр" долбоору боюнча келишим түзүүдөгү жемкордук фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш ишин иликтөөнү кайра баштады.

Бул боюнча мурдагы премьер-министр Николай Танаев, экс-президенттин уулу Айдар Акаев, мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Жээнбеков, өкмөттүн эксперттик тобунун өкүлдөрү Төрөмырзаев, Белковская, ошондой эле канадалык «Камеко Голд Инк», «Центера Голд Инк» компанияларынын мурунку президенти Хоменюкка коррупция беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG