Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Кытай убада кылган 1 млрд юань гранттын биринчи бөлүгүн жакында берет


Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын лидери Си Цзинпин
Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын лидери Си Цзинпин

Бул тууралуу Ташкенде өткөн саммит учурундагы Кыргызстан менен Кытайдын мамлекет башчыларынын жолугушуусунда айтылды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” курган маегинде билдиргендей, Кытай Бишкектеги жолдорду оңдоого 1-июлдан тарта киришет:

- Си Цзинпинь мырза президентибизге убада берди. Ага ылайык, 1-июлга чейин бардык процедуралар бүтүп, андан ары жолдорду оңдоо башталат. Бул өткөн жылы Кытайда түзүлгөн келишим боюнча ишке ашмакчы.

Өткөн жылы Кыргызстандын президенти Кытайга жасаган иш сапары алкагында кыргыз өкмөтү менен кытай өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу боюнча үч документке кол коюлган. Алардын бири боюнча, Кытай Кыргызстанга 350 млн юань грант бөлүп, бул каражатка кыргыз бийлиги Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоону пландаштырган. Бул Кытай тарап Кыргызстанга убада кылган 1 млрд юань гранттын биринчи бөлүгү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG