Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Түркия Рим папасынын сөзүн сынга алды


24-июнда Ереванга келген папа Франциск 1915-жылкы окуяны түрктөрдүн армяндарга жасаган “геноциди” деп атаган.
24-июнда Ереванга келген папа Франциск 1915-жылкы окуяны түрктөрдүн армяндарга жасаган “геноциди” деп атаган.

Түркиянын вице-премьер-министри Нуриддин Жаникли папа Францисктин Ереванда айткан сөзүнө нааразылыгын билдирип, Рим католик чиркөөсүнүн башчысынын оозунан мындай сөз угуу өкүнүчтүү деп айтты. “Анадолу” басылмасынын маалыматы боюнча, папанын сөзү калыстыктан алыс жана тарыхый чындыкка дал келбейт деп белгилеген вице-премьер.

24-июнда Ереванга келген папа Франциск президентке жана дипломаттык корпуска жасаган кайрылуусунда 1915-жылкы окуяны түрктөрдүн армяндарга жасаган “геноциди” деп атаган.

Өткөн жылы Рим папасынын мындай сөзүнөн соң, Түркиянын президенти Ватикандагы элчисин чакыртып алган.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG