Жогорку сот бүгүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча ишти кароого киришет.
Буга чейин апрель окуясында жабыркагандардын "Мекен шейиттери" коомдук бирикмеси Республикалык аскер сотунун өкүмүнө нааразы болушкан. Күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын албай калганын, тынч митингге чыккандарга ок атуу боюнча буйрукту аткаргандардын акталышы менен макул эместигин билдиришип, Жогорку сотко кайрылышкан.
Республикалык аскер сотунун 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча сот өкүмү 3-июнда чыккан. (NT)