Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Чек ара.
Чек ара.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, жакында кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүү боюнча премьер-министрлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болот. 24-июнда Ташкенде өткөн саммиттин алкагында жолугушкан Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери сүйлөшүүнү улантуу чечимине келишкен. Кандайдыр бир түшүнбөстүк болсо, аны чечүү милдети өкмөт башчыларга жүктөлгөн. Премьер-министрлер жакында телефон аркылуу сүйлөшүп же жолугушат. Бирок анын так күнү белгилене элек.

23-24-июнда Ташкенде ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өткөн. Ага барган президент Алмазбек Атамбаев өзбек лидери Ислам Каримов менен жолугушуп, соңку үч жылдан бери биринчи ирет мамлекет башчылардын деңгээлинде чек ара маселеси көтөрүлдү. (NT)

XS
SM
MD
LG