Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Бишкектеги көлөмдүү жарнак такталары алынат


Бишкек
Бишкек

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү көлөмдүү көрнөк-жарнактар алынат. Бул тууралуу бүгүн мэриядан кабарлашты. Башкы архитектура мекемесинде вице-мэр Бакытбек Дүшембиев жарнама тагылуучу такталардын ээлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында жаңы үлгүдөгү жарнамалар боюнча долбоор иштелип жатканы, шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн бузган, тоолордун панорамасын жаап калган жарнамалар алынары айтылды.

Быйылкы жылы Бишкек мэриясы жалпысынан 200 жарнамалык конструкцияны алдырганы жатат. Негизинен Манас, Ч.Айтматов, Чүй, Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө өзгөрүүлөр болот. (RK)

XS
SM
MD
LG