Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

Google кеңсесинде кыргыздын боз үйү тигилди


Тилек Мамутовдун демилгеси менен Google кеңсесинде тигилген кыргыздын боз үйү

Google компаниясынын кызматкери, кыргызстандык Тилек Мамутов өзү иштеген кеңсенин ичине (Маунтин-Вью шаары, Калифорния) кадимки кыргыз боз үйүн тикти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.

«Кеңсеге боз үй тиктим. Кесиптештерим Эмили жана Ричардга рахмат. Эми боз үй түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн пайдаланылат» деп жазды Тилек Мамутов.

32 жаштагы Тилек Мамутов интернет дүйнөсүндөгү гиганттардын бири - Google компаниясында 2007-жылдан бери эмгектенет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG