Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Осборн: Британия күтүүсүз кырдаалдарга даяр


Британиянын каржы министри Жорж Осборн.
Британиянын каржы министри Жорж Осборн.

Британиянын каржы министри Жорж Осборн референдумдун жыйынтыгына өлкөсү даяр болгонун билдирди.

27-июнда сүйлөп жатып Осборн буга чейин Англия банкынын башкаруучусу Марк Карни менен такай байланышып турганын, күтүлбөгөн зарылчылык үчүн ойлонулган пландары болгонун айтты.

Ошондой эле ал европалык кесиптештери, борбордук банктардын, Эл аралык валюта корунун башкаруучулары, АКШ казыначылыгынын катчысы жана башка британиялык каржы мекемелери менен байланышып турганын кошумчалады.

“Күтүлбөстүктөргө мурдатан даярбыз. Андайларды болтурбоо үчүн бизде баары бар” деди Осборн.

Референдум жыйынтыгынан улам 27-июнда азиялык банктарда кайрадан фунттун баасы түштү.

23-июндагы Британиядагы референдумда королдуктун калкы Европа биримдигинен чыгууну жактаган.

XS
SM
MD
LG