Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Месси Аргентина курамасында ойнобой турганын билдирди


Лионель Месси Чилинин дарбазасына гол киргизе албай калгандыгына капа болуп жатканы.
Лионель Месси Чилинин дарбазасына гол киргизе албай калгандыгына капа болуп жатканы.

Атактуу футболчу Лионель Месси мындан ары Аргентина курамасы үчүн ойнобой турганын Америка Кубогу үчүн мелдештен кийин билдирди.

Анда Аргентина Чилиге пенальтиде 4:2 эсебинде утулган. Бул оюнда кураманын капитаны Месси пенальтиден гол киргизе албай калган.

“Улуттук курамада эми ойнобойм. Колумдан келгенин жасадым. Бирок, чемпиондукка жетпей калуу өтө оор тийди”, деди ал.

Аргентина акыркы жылдары ири турнирлерде жеңишке аз жерден жетпей келет. Америка кубогунда 2015-, 2016-жылдары финалда Чилиге утулса, 2014-жылкы Дүйнө чемпионатынын финалында Германияга жеңишти алдырган.

Арийне, Месси испаниялык “Барселона” клубунда ойноп, төрт жолу Чемпиондор лигасын уткан. Беш жолку алтын топтун ээси.

XS
SM
MD
LG