Тажикстанда бүгүн, 27-июнда Улуттук биримдик күнү белгиленүүдө.
Жекшембиде Тоолуу-Бадахшан облусундагы майрамдык иш-чаралар президент Эмомали Рахмондун катышуусунда өттү.
Эл менен жолугушууда Рахмон аймактын жаштары террорчул топторго көп азгырылып жатканын белгилеп, ата-энелерди жана бийликти “балдарды жаман жолдон кайтарууга” чакырды.
Улуттук биримдик күнү 1998-жылы негизделген. Бул күн өлкөдө беш жылга созулган жарандык согуш аяктап, тынчтык орногон күн катары белгиленет.
1997-жылы дал ушул күнү Тажикстан өкмөтү жана мурдагы Бирдиктүү оппозиция өкүлдөрү Москвда тынчтык келишимине кол коюшкан.
Коңшу өлкөдөгү жарандык согуш 120 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.