Кыргызстан АКШ менен парламент аралык байланышты бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Төрага АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө бардык аракеттер жумшаларын белгиледи. "2010-жылдан кийин кыргыз парламентинин функциялары кеңейтилди жана күчөтүлдү, парламент өлкөдөгү эң ачык мамлекеттик орган. Биз алты жылдык ишибиз менен сыймыктанабыз. Биринчи кезекте – таза жана ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоолор. Жарандарыбыз менен дүйнөлүк коомчулук былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баасын берди. Эми алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшашыбыз керек" деди парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
Элчи Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстан менен ишеним жана өз ара сый-урматка негизделген тыгыз кызматташтыгын улантуу ниети бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле АКШ Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык реформаларга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү уланта берерин кошумчалады. (RK)