Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Түркия менен Израил эки тараптуу алаканы оңдоону макулдашты


Израил менен Түркиянын байрактары
Израил менен Түркиянын байрактары

Израил жана Түркия мамилелерди жакшыртуу бүтүмүнө келишти. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетянаху 27-июнда Римдеги сөзүндө мамилелердин калыбына келиши Жакынкы Чыгыштагы абалды стабилдештирүүгө жардам берет деди.

2010-жылы Газа тилкесинде курчоодо калган палестиналыктарга гуманитардык жүк жеткирип бараткан ондогон түркиялык активисттер Израил аскерлеринин огунан каза тапкандан бери эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кеткен эле. Анкара Тель-Авив менен бардык кызматташтыкты токтотуп, элчисин чакыртып алган.

Өткөн апта соңундагы сүйлөшүүлөрдө Израил Түркияга 20 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө макул болгон. Бул Түркиянын Газа тилкесине жардам берүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруусуна жол ачары айтылат.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун элдешүүнү кубаттап, аны “аймакта стабилдүүлүктүн үмүтүн жандырган белги” деп баалады.

XS
SM
MD
LG