Молдованын мурдагы премьер-министри Влад Филат кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана коррупцияга айыпталып, тогуз жылга эркинен ажыратылды. 27-июнда Кишинев соту ушундай чечим кабыл алган.
Сот ошондой эле аны мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялады. Бирок прокуратура өкүм өтө жумшак болуп калганын айтып, апелляция жазарын билдирди. Айыптоочулар Филатты 19 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн эле.
Молдова өкмөтүн 2009-2013-жылдары башкарган Филат өткөн жылдын октябрында кармалып, өлкөдөгү банктардан 1 млрд. доллардын жоголушуна катыштыгы бар деген айып тагылган.
Ал кинелердин баарын четке кагып, иш саясий негизде ачылганын айтып келет.