Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Керри: Брекситтен улам НАТОнун ролу өсөт


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “НАТОнун дагы да ылдам өнүгүшүн” күтүп жатканын, анткени блок Европадагы аныксыздык учурунда стабилдүүлүктүн кепилдиги экенин билдирди.

Бул ойду НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг кубаттап, Британия Евробиримдиктен чыгуу чечимин кабыл алган шартта Европадагы союздаштар ортосунда коопсуздук боюнча НАТОнун ролу жогоруларын белгиледи.

Бул тууралуу Керри менен Столтенберг альянстын штаб-квартирасындагы жолугушууда айтышты. Анда 8-9-июлда Варшавадагы НАТОнун саммитин да талкуулашты. Керри Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини, андан соң британ премьери Дэвид Кэмерон жана тышкы иштер министри Филипп Хэммонд менен жолугары күтүлүүдө.

23-июндагы референдумда Британия элинин 51% Евробиримдиктен чыгууну жактаган. Буга байланыштуу Кэмерон үч айдан кийин кызматынан кетерин айткан.

XS
SM
MD
LG