Түркияга башка жарандын паспорту менен учканы жаткан кыргызстандык аял "Манас" аба майданынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.
Кечээ, 27-июнда Бишкек-Стамбул каттамы боюнча учканы жаткан №701 рейске каттоо учурунда ал аял Кыргызстандын башка жаранынын паспортун көрсөтүп өтүп кетүүгө аракет жасаганы кабарланууда.
Учурда кылмышка шектүү аял Улуттук коопсуздук комитетинде кармалууда. (RK)