Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:36

Нарын Айып: ЖМК мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр тынчсыздануу жаратууда


Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканал гана эмес, бардык ЖМКларды чектөөгө жол ачат. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда журналист Нарын Айып билдирди.

Анын белгилешинче, бул мыйзам долбоор башка өлкөлөрдөн көчүрүлүп алынган жана журналисттер коомчулугу менен кеңешпестен, аларды кабардар кылбастан иштелип чыккан.

- Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тынчсызданууга негиз болууда. Журналисттин эки гана милдети бар: чындыкты айтуу, сатылып кетпөө. Эгер чындыкты айткан журналисттерге чектөө болсо анда алардын ордун бийликке жагынган кабарчылар ээлейт, - деди Нарын Айып.

Маалымат жыйынга белгилүү журналисттер Нарып Айып, Азамат Тынаев, Аскер Сакыбаева, Авлан Жумабаев, Гүлзада Медралиева, Тамара Валиева катышты.

Өткөн апта, 22-июнунда Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ЖМКны негиздөө жана каржылоо жагынан айрым чектөөлөр киргени жатат. Авторлордун айтуусунда, бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо максатында демилгеленди.

Медиа-эксперттердин белгилешинче, мындай шартта биринчи кезекте "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

Маалымат жыйындын катышуучулары медиа-коомчулуктун атынан президентке, парламентке жана өкмөткө мыйзам долбоорун колдобоого чакырган кайрылуу жолдошту. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG