Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Азамат Тынаев: ЖМК мыйзамын өзгөртүүчүлөр элге туура эмес маалымат берүүдө


Азамат Тынаев
Азамат Тынаев

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жаткандар элге туура эмес маалымат берүүдө. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналист Азамат Тынаев билдирди.

Анын айтуусунда, бул мыйзам долбоорду өтө тездик менен кабыл алууга аракет кылып жатышат жана аны өткөрүү үчүн нормалар бузулууда.

- Эч кандай угуу, талкуу болгон жок. Мыйзам демилгечилери мисал кылып жаткан өнүккөн өлкөлөр боюнча статистикалык маалыматтар туура эмес. Мисалы, Рысбаев мисал келтирген АКШда четтен кажыланган Russia Today, Al-Jazeera сыяктуу каналдар чектөөсүз иштейт. Ошондуктан алар туура эмес маалымат берүү менен элдин пикирин манипуляция кылууда. Бул мыйзамды журналисттерге артынан урулган бычак деп бааласа болот, - деди Тынаев.

Ал эми тележурналист, режиссер Тамара Валиева:

- Муну 2017-жылы өтө турган шайлоого даярдык катары бааласа болот. Себеби ушундай тездик менен кабыл алып, шайлоо учурунда тил алчаак ЖМКлар гана болушун каалап жатышкандай, - деди.

Маалымат жыйынга белгилүү журналисттер Нарып Айып, Азамат Тынаев, Аскер Сакыбаева, Авлан Жумабаев, Гүлзада Медралиева, Тамара Валиева катышты.

Өткөн апта, 22-июнунда Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ЖМКны негиздөө жана каржылоо жагынан айрым чектөөлөр киргени жатат. Авторлордун айтуусунда, бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо максатында демилгеленди.

Медиа-эксперттердин белгилешинче, мындай шартта биринчи кезекте "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

Маалымат жыйындын катышуучулары медиа-коомчулуктун атынан президентке, парламентке жана өкмөткө мыйзам долбоорун колдобоого чакырган кайрылуу жолдошту. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG