Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Аким Ысык-Көлдөгү уруштун себебин айтып берди


Сүрөт "Турмуш" сайтынан алынды
Сүрөт "Турмуш" сайтынан алынды

Ысык-Көлдө коңшу эки айылдын тургундары турист талашып уруша кеткен. Кечээ күнкү окуянын себеби ушундай экенин бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев билдирди.

Анын айтуусунда, Садыр Аке жана Кашат айылдарынын тургундары Чоң Ак-Суу капчыгайына келген конок, туристтерди тейлөө укугун талашып чырлашкан. Натыйжада уруш чыгып, милиция аларды көздөн жаш агызуучу каражат ыргытып таратканы айтылууда.

Эч ким жабыркаган жок. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Буга чейин урушка мастар себеп болгону кабарланган.

Чоң Ак-Суу (мурдагы Григорьев) капчыгайы өзүнүн кооз жаратылышы менен белгилүү. Ал жакка чет өлкөлүк туристтер көп барат. (AsM/RK)

XS
SM
MD
LG