Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:02

Аргентина президенти Мессини курамада калышын суранды


Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси.
Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси.

Аргентинанын президенти Маурисио Макри миңдеген футбол күйөрмандарына кошулуп, футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Лионель Мессиден командадан кетпешин суранды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Президент улуттук команда менен сыймыктанарын белгилеп, Мессини дүйнөдөгү эң мыкты оюнчу деп атады. Ал ошондой эле Месси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бул сөздөрдү жеке өзүнө да айтканын кошумчалады.

Мессини командадан чыкпай ойной берүүгө легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона да чакырды.

Лионель Месси Америка кубогунда Аргентина курама командасы утулуп калган соң мындан ары курамадагы карьерасын жыйынтыктарын айткан. Финалда Аргентина Чилиге пенальтиде 4:2 эсебинде утулган. Бул оюнда кураманын капитаны Месси пенальтиден гол киргизе албай калган болчу.

XS
SM
MD
LG