Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

КДК кыймылынын кайра жаралуу конференциясы өттү


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Бүгүн Бишкекте КДК кыймылынын ишин кайрадан улантуу маселесин талкуулаган жыйын өттү. Республиканын бардык аймактарынан 112 делегат катышкан конференцияда Устав кабыл алынып, жетекчилери шайланды.

Кыймылды 11 адамдан турган башкармалык жетектемей болду. Башында укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун турат. Анын айтуусунда, жакында уюм КДК кыймылы катары кайрадан расмий каттоодон өткөнү жатат.

Уюмдун максаттары тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" мына буларды айтты:

- КДК 25 жыл мурда демократияны баштады, бирок биз каалагандай курулбай калды. Биз болгонун болгондой айтабыз, бийликке кошомат кылбай.

Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) 26 жыл мурун жаралып, өлкөдөгү ири саясий өзгөрүү, жаңылануулардын башында турган. Үч жылдан кийин партия түзүлүп, кыймыл жоюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG