Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Эрдоган Түркия менен Орусиянын алакасы тез жакшырышын каалайт


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-июнда Орозодогу ооз ачуу маалында билдирди. Ал өз сөзүндө бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путинге жолдогон катына түшүндүрмө жасай кетти:

- Путинге жолдогон катымда мен болгон окуя боюнча өз өкүнүчүмдү билдирип, Жакынкы Чыгышта мындан ары кызматташа алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин эсине салдым. Мен бул кырдаалдын чечилиши менен Орусия ортосундагы алакабыз тез эле калыбына келет деп үмүттөнөм.

Мындан бир күн мурун түрк президенти Эрдоган Путинге кат жолдоп, анда орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтканы кабарланган.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган.

Дүйшөмбүдө Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Эрдоган Путинден кечирим сураганын айткан.

XS
SM
MD
LG