Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 00:21

Юнкер Кэмеронду өз позициясын ачык айтууга чакырды


Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмеронду жакынкы эки күндүн ичинде Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча өлкөнүн позициясын ачык жарыялоого чакырды. Бул тууралуу ал шейшембиде Европарламенттин чукул сессиясында билдирди.

Юнкер ошондой эле Лондон расмий түрдө Евробиримдиктен чыгуу боюнча арыз менен кайрылмайынча эч кандай сүйлөшүүлөр болбостугун ырастады.

“Жабык эшик артында эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт”,- деп айтты Еврокомиссиянын төрагасы. Юнкер Британия элинин тандоосу Евробиримдиктин кыйроосун билдирбестигин кошумчалады.

“Британиядагы добуш берүү биздин бир канатыбызды кыркып салды, бирок биз дагы эле уча алабыз. Европалык кыял улана берет. Биз жаңы дем менен иштейбиз”,- деди Юнкер.

Бүгүн, 28-июнда кечке маал Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде эки күндүк саммитке чогулат. Андагы башкы тема - Британияда өткөн референдумдун жыйынтыктары. 23-июндагы референдумда Британия элинин 51% Евробиримдиктен чыгууну жактаган. Саммитке Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон да катышат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG