Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Тажикстандыктар үчүн кыргыз жарандыгын алуу процесси оорлошот


Кыргызстандын мамлекеттик документтери
Кыргызстандын мамлекеттик документтери

Расмий Душанбе жакынкы күндөрү Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы “Жарандыкты жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуу” тууралуу макулдашууну жокко чыгарат.

Бул тууралуу 28-июнда тажик парламентинин төмөнкү палатасында сөз болду. Палатанын маалымат катчысы Мухамаммадато Султонов бул суроо боюнча соңку чечим бейшемби күнү чыгарыларын "Азаттыктын" тажик кызматына айтты. Эки өлкө ортосундагы жарандык алууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге Душанбеде 2004-жылдын 26-майында кол коюлган.

Душанбенин мындай чечимине кыргыз жарандыгын алган тажикстандыктардын санынын өсүшү себеп болду. Жакында эле Лахш районунун бийлиги тажик армиясында кызмат өтөөдөн качкан 1200 жигит Кыргызстандын жарандыгын алып алганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG