Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 03:06

БУУ: Британия азчылыктарды жана чет элдиктерди басмырлабашы керек


Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссия башчысы Зейд Раад Аль-Хусейн.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссия башчысы Зейд Раад Аль-Хусейн Британияны Евробиримдиктен чыгууга камданып жатып ксенофобияга жол бербөөгө чакырды.

Өз билдирүүсүндө Аль-Хусейн Британиядагы азчылыктарга жана чет өлкөлүктөргө болгон жек көрүү акциялары тууралуу маалыматтар боюнча өз камтамачылыгын билдирди.

“Расизмге жана ксенофобияга” жол берилбеши керек” - деди комиссия башчысы.

Дүйшөмбүдө Польшанын Лондондогу элчилиги польшалыктар жана башка чет элдиктер Британияда көп басмырлоого кабылып жатышканын билдирген. Полициянын маалыматына ылайык, 26-июнда Англиядагы польшалыктардын маданий борборунда белгисиз адамдар ар кандай жек көрүү сөздөрү жазылган баракчалар таркатып, борбордун имаратына да жаман сөздөрдү жазып кетишкен.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG