Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Башкы штаб: Орусия Ысык-Көлдө торпеда сыноо өткөргөн жок


Орусия Ысык-Көлдө торпеда сыноо өткөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Рима Даниярова:

- Биз Орусиянын аскердик атташесине кайрылганбыз. Көлдө торпеда сыноо боюнча эч кандай иш-чаралар өткөн жок деген жооп алдык, - деди.

Орусиянын Аскер-деңиз флоту ушул жылдын аягында “Футляр” деген жаңы үлгүдөгү суунун тереңинде сүзүүчү торпеданы куралдуу күчтөрдүн катарына кабыл алат. Орусиялык маалымат агенттиктери ал торпедалар Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн түбүндө сыноодон өтүп жатканын жакында кабарлаган.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия бул боюнча алдын ала маалымат бербегенин белгилеп, бул үчүн ал тарапка расмий суроо-кат жолдонгонун билдирген.

Каракол шаарына жакын жердеги кең булуңда Орусиянын торпеда сыноо базасы жайгашкан. ​(RK)

XS
SM
MD
LG