Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Максатбек Эгембердиев КСДПдан депутат болду


Бүгүн депутаттык мандатын тапшырган Галина Скрипкинанын ордуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясына Максатбек Эгембердиев келди. Ага Боршайкомдо күбөлүк тапшырылды.

Кесиби боюнча машыктыруучу Эгембердиев Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Ал КСДПнын талапкерлер тизмесинде №43 болчу.

Эмгек жолун 1991-жылы Жалал-Абад шаарындагы №3 Р.Санатбаев атындагы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу болуп баштаган. 1996-2004-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2004-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

2011-2012-жылдары Р.Санатбаев атындагы спорттук балдар мектебинин директору болуп эмгектенген. 2012-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келген.

2009-жылдан бери Жалал-Абад облустук грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин сотуна судья болуп Минск шаарына жөнөп жатканына байланыштуу мандатын тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG