Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында латын арибин аныктоочу система иштөөдө


Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына латын ариби колдонулган жарыялар мындан ары кабыл алынбайт. Эгер текстте кириллица менен латын ариби аралаш жазылса, андай жарыя сайтка чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин массалык маалымат каражаттарында «коррупциялык латиница» боюнча иликтөө жүргүзүлүп, журналисттер мындай ыкма менен көмүскө тендерлер өткөрүлүп жүргөнүн аныкташткан.

Алгачкылардан болуп Kloop.kg сайтынын кабарчылары 2014-жылдын декабрь айында окуу китептерин басып чыгарууда 167 млн сом жашырылганы тууралуу жазып чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG