Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Президент Атамбаев Түркияга көңүл айтты


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга Стамбул шаарынын Ататүрк атындагы аба майданында террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты.

«Көп адамдын курмандыгына алып келген террордук акт тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт» деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.

Президент мерт болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, жараат алгандардын тезинен сакайып кетишин тиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG