Жалал-Абад шаарында үч эм балалуу үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик үч бөлмөлүү батир сатып берди. Бул тууралуу шаардык муниципалдык мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Болот Жусупбеков “Азаттыкка” билдирди.
Үй-бүлө жатаканада 2 кыз, 2 уулу менен жашап келген жана жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылган.
Шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 200 миң сом каражат бөлүп, арыз ээсине 3 бөлмөлүү батир сатып берүүнү шаар мэриясына тапшырган.
Үч эм 2015-жылы төрөлгөн. (RsK)