Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Донбасста украин опера ырчысы өлтүрүлдү


Васил Слипак
Васил Слипак

Опера ырчысы Васил Слипак атылган октон мерт кеткенин украин расмий өкүлдөрү жана медиасы билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, ырчыны 29-июнь күнү, таңкы алтыларда Донецк облусундагы Луганское деген кыштактын жанынан жикчилдер аткан.

Слипак мындан эки жыл мурда Париж операсындагы ишин таштап, Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилерге каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылардын катарына кошулуу үчүн кайткан болчу.

1997-жылы Лысенко атындагы музыка академияны аяктаган Слипак Париж операсында ырчы катары дээрлик жыйырма жылдай эмгектенген. (UE)

XS
SM
MD
LG