Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Ататүрк аэропортундагы кол салуудан өлгөндөр саны 40тан ашты


Аэропорттун жанкечтилер кол салуу жасаган бөлүгү. 28-июнь, 2016-жыл.
Аэропорттун жанкечтилер кол салуу жасаган бөлүгү. 28-июнь, 2016-жыл.

Стамбулдун губернатору билдиргендей, жанкечтилердин кечээги кол салуусунан мерт болгондор саны ушул сааттарга карата 41ге жетти, мындан тышкары 239 киши жаракат алды.

Мурдараак өлгөндөр арасында 13 чет элдик жаран бар экени кабарланган.

Премьер - министр Бинали Ыйылдырым бүгүн аэропортто аба каттамдардын баары калыбына келгенин билдирди.

Йылдырымдын айтымында, алар кол салууну эң биринчи кезекте “Ислам мамлекети” тобунан көрүүдө.

Президент Режеп Тайып Эрдоган кандуу окуяны “күнөөсүз жарандарга” каршы “террордук акт” деп мүнөздөдү.

Улуттар уюму, Ак үй, Германия жана башка өлкөлөр аэропорттогу кол салууну кескин айыпташты. Былтыртан бери Түркиянын эки ири шаары: Анкара менен Стамбулда бир нече жардыруу болду.

Алардын ичинен түрк коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө каршы багытталган кол салуулар үчүн күрт согушкерлери жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG